Кыргызстанда туристтерди камсыздандыруу пландалууда

Коом 940 25 Март 2025 10:33
1027732623_0_400_6016_3784_1920x0_80_0_0_d5846af1987a2220f607954d4c6cb07b.jpg
WhatsApp Image 2025-03-25 at 10.31.31.jpeg
Алдыга
Артка
1027732623_0_400_6016_3784_1920x0_80_0_0_d5846af1987a2220f607954d4c6cb07b.jpg
WhatsApp Image 2025-03-25 at 10.31.31.jpeg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда туристтерди камсыздандыруу пландалууда. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Азамат Жапаров “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал белгилегендей, туристтерди камсыздандыруу системасы киргизилсе, мамлекеттин рейтинги жогорулайт жана саякат учурунда эс алуучуларга кошумча каржылык кыйынчылыктарды жаратпайт.

“Дүйнө жүзүндөгү көп мамлекеттерде туристтерди камсыздандыруу иштери алдыга жылган. Мындан улам биз Кыргызстанда да туристтерди камсыздандыруу системасын киргизүүнү пландап жатабыз. Өлкөгө келген туристтер өздөрүнүн коопсуздугу үчүн камсыздандыруудан өтөт. Бул иштер да онлайн түрдө жүргүзүлөт", - деди Азамат Жапаров.

Белгилей кетсек, көпчүлүк мамлекеттерде туристтер камсыздандыруу полисин алат. Анткени күтүлбөгөн жагдайлар болгон маалда камсыздандыруу компаниясы дарыланууга кеткен чыгымдарды төлөп берет. Бул үй-бүлөлүк бюджетке таасирин тийгизбейт жана сапар учурунда кошумча каржылык кыйынчылыктарды жаратпайт. Мындан тышкары, камсыздандыруу полиси кээ бир чет мамлекеттерге баруу үчүн виза алууда жана өлкөдө мыйзамдуу жүрүүдө милдеттүү документ болуп саналат.