Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 млн сом бөлүнөт

Коом 856 24 Март 2026 17:27
2.jpg
1.jpg
655104447_122207219582341273_1571951485294508180_n.jpg
656090239_122207219546341273_221478439633042957_n.jpg
657212008_122207219372341273_640634710334125895_n.jpg
Алдыга
Артка
2.jpg
1.jpg
655104447_122207219582341273_1571951485294508180_n.jpg
656090239_122207219546341273_221478439633042957_n.jpg
657212008_122207219372341273_640634710334125895_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Бишкекте "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу" долбоорунун алкагында токойлорду калыбына келтирүүгө багытталган 81 млн сомдук гранттык макулдашууларга кол коюлду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кол коюуга министрдин орун басары Мирбек Дүшеев, Токой кызматынын директорунун орун басары Талантбек Садыров жана башка тиешелүү адистер катышты.

Макулдашууларды ишке ашыруу токой ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу башкарууга, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүүгө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана аймактардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Бул демилге Айыл чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып, токой ресурстарын туруктуу башкарууга, деградацияланган аймактарды калыбына келтирүүгө жана жергиликтүүлөрдүн жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

Долбоордун алкагында 2500 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү, жаңы токойлорду өстүрүү жана табигый калыбына келүү процесстерине көмөк көрсөтүү боюнча кеңири иштер пландалууда.

Белгилей кетсек, аталган иш-чаралар президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөн "Жашыл мурас" улуттук демилгесине да шайкеш келет.