Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында жазгы талаа жумуштарына даярдык боюнча отчёт берди.
Анын айтымында, учурда республика боюнча жалпы суунун көлөмү 1 млрд 757 млн куб метрди түзгөн 498 суу сактагыч бар. Иш жүзүндө топтолгон суунун көлөмү 884 млн куб метрди түзөт, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30-35 пайызга аз.
Министр 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн 250 миң гектар айыл чарба жерине себүү иштери пландалып жатканын билдирди. Сугат каналдарын оңдоо жана куруу үчүн республикалык бюджеттен 12 млрд 300 млн сом каралган.
Талаа жумуштарына даярдыктын алкагында 776 миң чакырым сугат каналын, 657 бетон төшөлмөсүн, 590 гидротехникалык курулушту жана 508 суу өлчөөчү постту тазалоо жана оңдоо пландалууда. Мындан тышкары, 91 насостук станция жана 170 насостук агрегат стандартка келтирилип, 46 насостук станция жаңыланат.
"Бул жылы фермерлерге берилүүчү сууну эсептөө үчүн 1,5 миңге жакын электрондук эсептегичтерди орнотуу каралган, эми биз суунун көлөмүн эсептейбиз. Ошондой эле 225 коллектордук-дренаждык тутумду тазалоо пландалууда", — деди ал.