Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү эми болжолдоо эмес, чыныгы реалдуулук болуп калды. Соңку 60 жылда өлкөдө орточо жылдык температура болжол менен 1,2 градуска жогорулады. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору болуп саналат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Экология жана климат саясаты боюнча башкы башкармалыктын жетектөөчү адиси Жибек Кадоева билдирди.
Ал белгилегендей, акыркы жылдар абдан жылуу болууда.
“Биз муну сел, суу ташкындарынан, кургакчылыктан жана экстремалдуу аба ырайы кубулуштарынан байкап жатабыз”, — деп кошумчалады ал.
Анын айтымында, жыл сайын болжол менен 200 өзгөчө кырдаал жаралып, анын 90%ы климаттык факторлор менен байланыштуу болот.
“Бул экономикага, калктын коопсуздугуна, айыл чарба жана суу ресурстары сыяктуу негизги тармактарга таасир этет. Биз бул маалыматтарды адатта Кыргызгидрометтен алып турабыз”, — деди Жибек Кадоева.