Кыргызстанда ШКУнун Инвестициялык форуму өтөт: Даярдыктар башталды

Экономика Загрузка... 25 Май 2026 15:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров үстүбүздөгү жылдын 24–25-июнунда Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгынын алкагында өтө турган ШКУнун Инвестициялык форумуна даярдык көрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев, экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

"ШКУнун Инвестициялык форуму Кыргызстандын инвестициялык потенциалын таанытуу, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү жана жаңы экономикалык байланыштарды түзүү үчүн маанилүү аянтча болот. Биз үчүн иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин, бизнес өкүлдөрүнүн, ошондой эле инвесторлордун ортосунда мазмундуу диалог жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү маанилүү", - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Талкуунун жүрүшүндө форумду өткөрүүгө байланышкан уюштуруу маселелери, эл аралык инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу боюнча маселелер, ошондой эле ШКУнун инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруу иштери каралды. Катышуучулар алдыдагы форум ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү үчүн маанилүү эл аралык аянтча экенин белгилешти.

Иш-чаранын алкагында Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариевге өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, Кыргызстандын инвестициялык потенциалын чыңдоого жана ишкердик чөйрөнү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн "Инвестициянын мыктысы" сыйлыгы тапшырылды.

Жолугушуунун катышуучулары ШКУнун Инвестициялык форумун өткөрүү ШКУнун жана Кыргызстандын инвестициялык жана экономикалык потенциалын эл аралык аренада илгерилетүүдө, жаңы инвестицияларды тартууда, ишкердик кызматташтыкты кеңейтүүдө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү кадам болоруна ишеним билдиришти.