Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Келе жаткан жылы июнь айында Кыргызстанда Шанхай кызматташтыгы уюмдарына кирген мамлекеттердин аял өкүлдөрүнүн форуму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева Кытайда өткөн Глобалдык аялдар саммитин талкуулоо учурунда билдирди.
Анын айтымында бул форум мүчө өлкөлөрдө кезеги менен жыл сайын өткөрүлүп келет. “Алдыда мамлекеттик деңгээлде, өкмөттүн колдоосу менен өткөрүлгөнү жатат. Анда жогоруда аталган мүчө өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө, алардын кызматташтыгына аялдар кандай салымын кошо алат, алардын ролу кандай деген маселелер каралат”, - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында 13-14-октябрда Пекин шаарында өткөн Глобалдык аялдар саммитинин жыйынтыктары талкууланды. Брифинг учурунда бул эл аралык иш-чарага 110дон ашык өлкө жана эл аралык уюмдардан 800гө жакын делегат, анын арасында Кыргызстандан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева башында турган делегация катышканы белгилүү болду.