Санариптик лабораториялар сапатты көзөмөлдөөнү күчөтүүдө

Коом Загрузка... 29 Май 2026 12:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда бирдиктүү реестрге автоматтык түрдө каттала турган, QR-коддуу сыноо протоколдорунун санариптик тутуму киргизилди. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директорунун орун басары Абдыманап Карымшаков билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта кездемелерди сыноодон өткөрүү өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Бул процесс үлгүлөрдү тандап алууну жана белгиленген багыттар боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камтыйт. Оң жыйынтыктардын негизинде сыноо протоколу таризделет.

Ал ар бир сыноо протоколу атайын QR-код менен түзүлүп, бирдиктүү реестрге автоматтык түрдө киргизилерин белгиледи. Системада каттоосу же QR-коду жок документтер жараксыз деп эсептелет.

Ошондой эле лаборатория Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Аккредитациялоо боюнча улуттук борбордон аккредитациядан өткөнү жана Бажы биримдигинин келишимдеринин талаптарына толук жооп берери баса белгиленди.

Мындан сырткары, лаборатория белгиленген стандарттарга шайкеш келет, ал эми сыноо тутуму жыйынтыктардын ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.

Борбордун өкүлүнүн айтымында, буга чейин лаборатория тарабынан берилген бир дагы сыноо протоколу талашка түшкөн эмес.