Бишкек, 09.04.26 /Кабар/. 2026-жылдын 1-мартына карата Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү 11 200 сомду түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" программасынын түз эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын көлөмүн көтөрүү этабы менен ишке ашырылууда.
"2024-жылы президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, пенсиянын минималдуу өлчөмү 6900 сомдон кем болбошу керек. Ошого байланыштуу 2024-жылдын 1-октябрынан тартып төлөмдөр ошол деңгээлге жеткирилген. Кийинчерээк, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып жүргүзүлгөн индексациянын (кеминде 600 сомго) жыйынтыгында мурда 6900 сом алган жарандар 7500 сомдон ала башташкан. Ал эми өткөн жылдын 1-октябрынан кийин пенсияга чыккан жарандар үчүн бүгүнкү күндө минималдуу төлөм чеги 7100 сомдон кем эмес болуп эсептелет", – деди Мукамбетов.
Конституциянын 44-беренесине ылайык, айлык акы, пенсия жана башка социалдык төлөмдөр жашоо минимумунан төмөн болбошу керек. Жеңишбек Мукамбетов белгилегендей, Улуттук статистика комитетинин өткөн жылдагы маалыматы боюнча, пенсионерлер үчүн жашоо минимуму 7 068 сомду түзгөн.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө 818 миңге жакын адам пенсия алат жана бул көрсөткүч ай сайын өсүүдө.