Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. Кыргызстанда Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү белгиленет. Президент Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ага ылайык мындан ары жыл сайын сентябрь айынын акыркы жума күнү өлкөдө органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө арналган улуттук күн белгиленет.
Бул чечим айыл чарба тармагын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, жаратылыш ресурстарын сактоо жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу багытындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Анын алкагында органикалык продукциялардын жарманкелери жана көргөзмөлөрү, фермерлер үчүн семинар-тренингдер, ошондой эле жаштар үчүн агартуу иш-чаралары өткөрүлөт.
Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү – экологиялык жактан туруктуу экономиканы өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын эл аралык аброюн бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам.