Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов Герман өнүктүрүү банкынын (KfW) банкынын өкүлү Индира Молдогазиева жана GITEC-IGIP консалтинг компаниясынын долбоорунун менеджери Керез Келишова менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар SAMEDIS медициналык жабдууларын санариптик инвентаризациялоо системасын киргизүү маселесин карашты.
Ошондой эле Германиянын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Саламаттык сактоо V" сектордук программасынын аткарылышынын учурдагы абалы, ошондой эле системанын техникалык коштоосу, маалыматтарды жаңыртуу жана саламаттык сактоо уюмдарында туруктуу иштешин камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Иш-чаранын алкагында медициналык уюмдардын иш процесстерин колдоо жана жабдууларды санариптик эсепке алууну жүргүзүү үчүн 150 принтер жана 1000 картридж тапшырылды.
Бүгүнкү күндө каралган бардык медициналык мекемелерде кызматкерлер үчүн окутуу тренингдери өткөрүлүп, система ишке киргизилди. Аймактарда медициналык жабдууларды инвентаризациялоо уланууда. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдары негизги этапты аяктап, маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңыртуу баскычына өтүштү.
Кийинки этапта санариптик чечимдерди техникалык коштоо жана андан ары өнүктүрүү иштери уюштурулат.