Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Президенттин "Кыргызстандын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы кабыл алынды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул өлкө аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга административдик санкциялар колдонулбастан Кыргызстандан ыктыярдуу түрдө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
"Өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейинки мезгилде (чыгуу визасын тариздөө үчүн) кат алуу максатында жүргөн жери боюнча ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуусу зарыл", - деп айтылат маалыматта.
Ички иштер органдарынан көрсөтүлгөн документти алгандан кийин чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам чыгуу визаны тариздөө үчүн электрондук визанын расмий сайты аркылуу өз алдынча өтүнмө берүүгө тийиш: www.evisa.e-gov.kg.
Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында чет өлкөлүк жарандарга:
- чыгуучу виза визалык жыйым алынбастан таризделет;
- Кыргызстандын аймагында жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик айып пул колдонулбайт.
Белгиленгендей, айып пул жана визалык жыйым төлөбөстөн чыгууга виза алуу үчүн 31-июль саат 23:59дан кийин берилген арыздар кароого алынбайт.
Көрсөтүлгөн чараларды кабыл алуу Кыргызстандын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санын кыскартууга, ошондой эле миграциялык эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш номерлерге кайрылууну сунуштайбыз:
- Консулдук департамент: WhatsApp: +996 999 312 002 (жарандардын кайрылуулары үчүн онлайн-линия). Дареги: Бишкек ш., Тоголок Молдо көч., №10
- Ички иштер министрлиги: тел.: 0312266170, 0312266165, 0995703070, 0704037188, 0502727270, 0555115577, 0703222622, 0700070723 (Ош ш.), 0555693069, 0708049244