Кыргызстанда мөңгүлөргө өзгөчө корголуучу аймак макамы берилиши мүмкүн. Маек

Маек Загрузка... 22 Июнь 2026 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Министрлер кабинети Кыргызстандын мөңгүлөрүнө жана ак карлуу аймактарына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары макамын берүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул документ мөңгүлөрдү эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү, коргоо жана натыйжалуу пайдалануу эрежелерин аныктап, аларды сактоого бирдиктүү, системалуу мамиле жасоону көздөйт. Климаттын өзгөрүшү өлкөнүн башкы табигый байлыгы болгон мөңгүлөргө жана элдин жашоосуна кандай таасир этип жатканы, ошондой эле мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу "Кабар" агенттигине жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев айтып берди.

Алмаз Мустафаевич, климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу Кыргызстанда көрүлүп жаткан чаралар туурасында айта кетсеңиз?

Эң оболу президент Садыр Жапаров БУУнун аянтында климаттын өзгөрүү шартында тоолуу региондордун кандай таасирге дуушар болуп жатканы боюнча маселе көтөрүп, натыйжада Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы (2023-2027-жылдары) кабыл алынганына токтолсом. Аны ишке ашыруу боюнча атайын Жол карта түзүлүп тоолуу региондорду экономикалык жактан өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүнө адаптация болуу иш-чараларын жүргүзүү, табигый экосистемаларды коргоо милдеттери коюлган. Мисалы, алардын катарында шартка туура келген өсүмдүктөрдү өстүрүү, сууларды сактоо технологияларын киргизүү сымал иш-чаралар камтылган. Тийиштүү министрлик, мамлекеттик мекемелер ушул Жол картанын негизинде иш алып барууда. Климаттын өзгөрүүсү бизге мурда суусу кенен, абасы таза, жашоосу жыргал, кебелбестей сезилген тоолордун эң аярлуу экенин көрсөттү. Тилекке каршы, климаттын өзгөрүүсү менен тоолуу жерлер такыр башка таасирлерге дуушар болуу коркунучунда турат. Мөңгүлөр тез эрип, климаттык кырсыктар, тобокелчиликтер көбөйүүдө. Климаттын өзгөрүүсү менен мурда жылуу аймактарда эле болчу оорулардын, курт-кумурскалардын аймактары да өзгөрүүдө. Бул саламаттык сактоо тармагына чоң чакырык. Тоолуу региондорду өнүктүрүү беш жылдыгынын алкагында 2027-жылы “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитин өткөрүп, дүйнө элинин көңүлүн дагы бир ирет буралы деп турабыз.

“Бишкек+25” Тоо саммитине карай Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кандай конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууда?

Биздин өлкө тарабынан тоолуу региондорду өнүктүрүү, тоолуктардын көйгөйлөрүн дүйнөлүк деңгээлде көтөрүү эл аралык коомчулукка чоң түрткү берди. Чакырык ташталгандан кийин эл аралык уюмдар долбоорлору менен келип иштөөгө ынтызар болушууда. Бул саясий жактан Кыргызстандын чечкиндүүлүгү, конкреттүү программаларга көнүл буруп жаткандыгы десе болот. Мисалы, ФАО уюму тарабынан климаттын өзгөрүшүнө адаптациялык иш-чаралардын бир бөлүгү катары токой массивдерин көбөйтүү боюнча долбоор ишке ашырылууда. Бул пилоттук ири долбоор Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Өзгөн, Сузак райондорунда жергиликтүү токой чарбалары, айыл өкмөттөр, өзгөчө корголуучу аймактар менен биргеликте жүрүп жатат.

Мындан сырткары, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен шаарларда абаны тазартуу боюнча долбоорлор иштеп жатат. Ошондой эле жайыттардын деградациясын алдын алуу, мал чарбасын сандан сапатка, асыл тукум малга өткөрүү, үрөндөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча Адаптациялык фонддун долбоору ишке ашырылууда.

Климаттын өзгөрүүсү менен жапайы биотүрдүүлүктө да өзгөрүүлөр болуп жатат. Жапайы жаныбарлардын миграция жолу өзгөрүп, ооруларга чалдыгуулар болуп жатат. Ак илбирсти жана ак илбирс экосистемасын сактоо боюнча долбоорлор иштөөдө.

Айтмакчы, 2030-жылга чейин планетанын бардык жер жана суу ресурстарынын 30 пайызын сактоого багытталган “30x30” глобалдык жаратылышты коргоо демилгеси чыккан. Чакырыкты Кыргызстан да кабыл алып, бүгүнкү күнү өзгөчө корголуучу аймактар 13 пайыздын тегерегине жетти. 2030-жылга чейин 30 пайызга жеткирүү боюнча өнөктөштөр менен иш алып баруудабыз.

— Өзгөчө коргоого алуу демекчи, климаттык жаңы шарттар мөңгүлөргө таасирин тийгизүүдө. Аларды коргоо боюнча министрлик кандай чараларды көрүүдө?

Бүгүнкү күнү мөңгүлөрдү коргоо максатында “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жөнүндө” мыйзам өзгөртүлүп, мөңгүлөрдүн баары өзгөчө коргоодогу аймактар категориясына киргизилди. Ошондой эле мөңгүлөрдү кандай санайбыз, ким мониторинг кылат, кандай коргойбуз деген жагдайлардын баары каралган токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Биз баарын аныктап чыгабыз.

Бул арада бийик тоолорду жердеген жапайы жаныбарлардын жакага түшүп келген учурлары байкалууда. Бул тенденция эмне менен түшүндүрүлөт?

Жагдай жапайы жаныбарлардын түрлөрүнө жараша ар кандай болот. Биринчиден, жем базасын издеп ылдый түшүп жатышат. Экинчиден, шаар айланасындагы аймактар жакшыртылгандыктан оттуу жерлерди издеп жүрүшү мүмкүн. Ал эми айрым түрдөгү жапайы жаныбарлардын саны көбөйдү. Мындан сырткары, дээрлик 50 жылдан бери көрүнбөгөн жапайы жаныбарлар түшүп келишүүдө. Мисалы, Чүй аймагындагы тоо текелерди айтсак болот. Мурда алар жалаң бийик тоолуу аймактарды байырлашчу.

Бул жакшы эле көрүнүшпү?

Бир жагынан жагымдуу көрүнүш. Экинчи жагынан, климаттын өзгөрүүсү менен жаныбарлардын байырлоо ареалдары өзгөрүп жатат. Бул жагдайды биз терең изилдешибиз керек. Анткени айрым жерлерде антропогендик таасирлер өтө күчтүү болуп, жапайы жаныбарлар миграцияга мажбур болуп жатышы мүмкүн.

Маек үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ишиңизге ийгилик!