Кыргызстан Борбор Азиянын туристтик картасындагы позициясын туруктуу бекемдеп жатат. Чет элдик туристтердин агымы көбөйгөн сайын өлкөнүн жаратылыш байлыгы эле жетишсиз болуп, тейлөөнүн сапаты, коопсуздук жана өнүккөн инфраструктура биринчи орунга чыгууда. Бүгүн Кыргызстан туризмди өнүктүрүү багытын өзгөртүп, жеткиликтүүлүккө гана эмес, саякатчыларды кайрадан келүүгө кызыктыра турган жогорку деңгээлдеги туристтик продукт түзүүгө басым жасап жатат. Кыргызстанда туристтик тейлөө кандай өзгөрүүдө, кайсы стандарттар буга чейин киргизилди жана тармак кандай көйгөйлөргө туш болууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин материалында.

Арзан эс алуудан жогорку сапатка: сертификаттоонун жаңы системалары
Мындан бир нече жыл мурун Кыргызстандын негизги атаандаштык артыкчылыктарынын бири эс алуунун салыштырмалуу арзан баасы болуп келген. Бирок бүгүн эксперттер жана мамлекеттик органдар бир пикирде: өлкө массалык жана бюджеттик туризм моделинен сапаттуу, кирешелүүлүгү жогору туристтик продуктуну өнүктүрүүгө этап-этабы менен өтүшү керек.

Туризм департаментинин директору Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигине билдиргендей, Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүдө сапатка басым жасалып жатканын айтты. Бул багыттагы негизги кадамдардын бири — жайгаштыруу жайларын ыктыярдуу сертификациялоо жана классификациялоонун жаңы системаларын киргизүү болду.

- Эл аралык жылдыздуу классификация — классикалык мейманканалар жана мейманкана комплекстери үчүн;
- "Эдельвейс" системасы — аймактардагы конок үйлөрү үчүн атайын стандарт;
- "Түндүк" системасы — боз үй лагерлери жана кемпингдер үчүн сапат жана коопсуздук стандарты.
Бул стандарттарды институционалдаштыруу рынокту так сегменттөөгө жана туристтерге коопсуздук, тазалык жана тейлөөнүн тиешелүү деңгээли боюнча түшүнүктүү кепилдиктерди берүүгө мүмкүндүк түзөт.
Ачык-айкын стандарттар жана кадр тартыштыгы: тармактын көз карашы
Туристтик тейлөөнү жакшыртуунун негизги багыттарынын бири — мейманкана жана ресторан ээлери менен иш алып баруу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине HoReCa Club ассоциациясынын төрайымы, жайгаштыруу жайларын классификациялоо боюнча аккредитацияланган эксперт Гүлзат Раимбекова билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын министрлер кабинетинин жобосу менен бекитилген мейманканаларды классификациялоонун мамлекеттик системасы европалык үлгүгө негизделген. Ал бизнес үчүн түшүнүктүү жана ачык-айкын болуп, туристке мейманканага коюлган "жылдыздар" чыныгы текшерүүнүн негизинде берилгенине ишеним жаратат.

Эксперт учурда "Туризм жөнүндө" жаңы мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамында. Анда заманбап тейлөө стандарттарын бекитүү негизги нормалардын бири болот. Бирок бүгүнкү күндө тармактын негизги көйгөйү кадр маселесине барып такалууда.
"Түркиядагы окуулар негизинен жогорку окуу жайлардын программалары, биринчи кезекте мейманкана иши боюнча адистерди даярдаган Кыргыз-Түрк "Манас" университети аркылуу жүргүзүлөт. Мындан тышкары, иштеп жаткан мейманкана жана ресторан ээлери үчүн тажрыйба алмашуу сапарлары уюштурулат. Бул албетте пайдалуу тажрыйба. Бирок ачык айталы, тармактын масштабында бул деңиздеги бир тамчыдай эле. Тажрыйба алмашууга баргандардын көбү менчик ээлери жана жетекчилер. Алар кайра эле өз ишканаларына кайтышат. Демек, бул тармактагы кадр маселесин системалуу түрдө чечпейт", — деп белгиледи Гүлзат Раимбекова.

HoReCa Club ассоциациясына мүчө ишканалардын баамында, тармакта кадр тартыштыгы курч бойдон калууда. Сезон маалында тейлөө кызматкерлеринин (официанттар, бөлмө жыйноочулар, администраторлор) алмашуусу 80%га жана андан да жогору деңгээлге жетет. Мунун негизги себептеринин арасында иштин сезондук мүнөзү, тейлөө тармагындагы кесиптердин кадыр-баркынын төмөндүгү, адистердин чет өлкөгө кетиши жана академиялык билим менен эмгек рыногунун чыныгы талаптарынын ортосундагы ажырым бар.
Эксперттер бул көйгөйдү чечүүнүн жолун дуалдык билим берүүгө өтүүдөн көрүшөт. Мында колледждер жана жогорку окуу жайлар мейманканалар жана ресторандар менен тыгыз байланышта адистерди даярдап, студент биринчи курстан тарта эле өндүрүштүк практикага тартылат.
Муну менен катар, ассоциация да системалуу иштерди жүргүзүүдө, жыл сайын HoReCa Summit өткөрүлүп, кезектеги саммит 2026-жылдын 18-октябрында АУЦАда өтүп, ага 1000ден ашуун катышуучу чогулат. Ошондой эле тренингдер жана консультациялык кызматтар уюштурулууда.
"Классификация жөн гана көзөмөл үчүн көзөмөл эмес, бул өсүү куралы. Жылдыздуу деңгээлди алуу үчүн тейлөөнүн сапаты тастыкталышы керек, ал эми бул үчүн даярдыктан өткөн адистер зарыл. Стандарттар кесипкөйлүккө болгон суроо-талапты жаратат. Бул тармактын кадрларды даярдоого инвестиция салуусуна эң жакшы түрткү", — деп жыйынтыктады Раимбекова.
Коопсуздук — туристтик тейлөөнүн ажырагыс бөлүгү
Туристтик тейлөө жайлуу бөлмө жана сапаттуу тамак-аш менен гана чектелбейт. Тоолуу өлкөдө бийик тоолуу маршруттардын кеңири тармагы болгондуктан, саякат багытын тандоодо коопсуздуктун кепилдениши эң маанилүү критерийлердин бири болуп саналат.

Туристтик сезон кызуу башталгандан бери Ысык-Көлдө жана республиканын башка аймактарында Бирдиктүү коопсуздук кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн иши күчөтүлдү. Куткаруучулар сууда жана тоолордо кезметчилик кылуу менен гана чектелбестен, май айынан сентябрга чейин мүнөздүү болгон жаратылыш кырсыктарынын — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүүдө.
Муну менен катар, туристтик милиция кызматкерлери да коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууда. Алардын иши өзгөчө кырдаалдарга туш болгон чет элдик туристтерге ыкчам жардам көрсөтүүгө багытталган.

Мисалы, Ысык-Көл облусунда Кайгууз милиция кызматкерлери шаарлар аралык автобустан туура эмес аймакка түшүрүлүп калган чет элдик туристтер тобуна ыкчам жардам көрсөтүп, алар алдын ала брондогон пансионатка жеткирүү үчүн трансфер уюштуруп беришкен.
Дагы бир мисал, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу Көл-Суу көлүнүн жанында туристтик милиция кызматкерлери чет элдик коноктордун сууга түшүп кеткен унаасын ыкчам чыгарып беришкен. Бул аларга сапарын коопсуз улантууга мүмкүндүк берген.
Ошондой эле милиция кызматкерлери туристтик маршруттарда саякатчыларга чет тилдериндеги шашылыш байланыш номерлери көрсөтүлгөн буклеттерди таратышат.
Меймандостук — маданий баалуулук жана эл аралык имидж
Кыргызстандагы батыш жана азиялык тейлөө стандарттары өлкөнүн салттуу меймандостук маданияты менен айкалышууда. Ал чет элдик саякатчыларды өзүнө тарткан негизги эмоционалдык фактор бойдон калууда.

Бишкекте өткөн ШКУнун ЖМК жана аналитикалык борборлорунун саммитин өткөрүү тажрыйбасы буга жакшы мисал. Иш-чарага 26 өлкөдөн 260ка жакын делегат катышкан. Иш-чараны чагылдырган казакстандык журналист Олжас Орсак аэропорттогу волонтерлордун ишинен тартып, мамлекеттик резиденциялар жана мейманканалардагы тейлөөгө чейин уюштуруу иштери жогорку деңгээлде болгонун белгилеген.
Бирок чет өлкөлүк коноктордо Боом капчыгайы аркылуу Ысык-Көлгө бара жаткандагы жергиликтүү тургундар менен пландан тышкары жолугушуулар эң чоң таасир калтырган. Ал жакта жол боюндагы айылдардын тургундары делегацияларды чын жүрөктөн тосуп алып, ысык борсок менен меймандостук көрсөтүштү.
Журналисттин пикиринде, адамдардын меймандостугун атайын уюштуруу мүмкүн эмес.
"Мына ушул — чыныгы меймандостук. Ал протокол боюнча эмес, адамдардын жан дүйнөсүнөн чыгат. Кыргызстан — туристтик келечеги кең өлкө", — деп таасири менен бөлүштү Орсак.
Инфраструктурадагы чоң секирик: жыл бою иштеген туристтик кластерлер
Кыргызстанды жыл бою туристтерди кабыл алган борбор катары бекемдөө максатында масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын ичинен Ысык-Көл облусундагы "Ала-Тоо Резорт" жыл бою иштей турган тоо кластерин өзгөчө белгилөөгө болот. Ал үч аймакты — Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булакты бириктирет.

Долбоордун алкагында жалпы узундугу 250 чакырымга жакын лыжа трассаларын түзүү пландалууда. Лыжа тебүү мезгили 7 айга чейин созулат. Алгачкы асма жолдор буга чейин ишке киргизилген.
Мындай масштабдагы ири объектилер эл аралык мейманкана тармактарын тартууга, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө түрткү берүүгө жана миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.
Туристтик брендге комплекстүү мамиле
Туристтин тажрыйбасы жүздөгөн майда-барат нерселерден куралат: жылдыздуу классификациядагы мейманкананын бөлмөсүнүн тазалыгынан тартып, түшүнүктүү навигацияга, тоо арасындагы милиция кызматкерлеринин ыкчам жардамына жана жергиликтүү тургундун чын ыкластуу жылмаюусуна чейин.
Эл аралык сапат стандарттарынын, заманбап инфраструктуранын, кесипкөй кадрларды даярдоо системасынын жана өзгөчө меймандостук маданиятынын айкалышы Кыргызстандын эл аралык күчтүү брендин калыптандырууда. Бул турист кайра-кайра келүүнү каалаган өлкөнүн образы.