Көчмөндөр оюндары: Даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жыйын өттү

Министрлер кабинети 180 12 Август 2026 19:40
IMG_5999.jpeg
IMG_6004.jpeg
IMG_6003.jpeg
IMG_6002.jpeg
IMG_6001.jpeg
IMG_5997.jpeg
IMG_5996.jpeg
IMG_5995.jpeg
IMG_5993.jpeg
IMG_5992.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_5999.jpeg
IMG_6004.jpeg
IMG_6003.jpeg
IMG_6002.jpeg
IMG_6001.jpeg
IMG_5997.jpeg
IMG_5996.jpeg
IMG_5995.jpeg
IMG_5993.jpeg
IMG_5992.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. 

Улан Маматканов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы жана эң жооптуу этапга киргенин белгиледи. Ал оюндарды өткөрүүнүн жогорку уюштуруучулук деңгээлин камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Жыйында эл аралык иш-чаранын жалпы программасы, маданий, спорттук жана илимий программалар, ошондой эле оюндарды жабуу салтанатынын концепциясы каралды. 

Өзгөчө көңүл транспорттук логистика жана катышуучуларды жайгаштыруу, аккредитациялоо, медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык камсыздоо, ошондой эле "Кырчын" этно шаарчасы, Көчмөндөр цивилизациясы борбору, "Рух-Ордо", ипподром жана спорттук аянтчалар сыяктуу негизги объектилердин даярдыгы маселелерине бурулду. 

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга даярдык иш-чараларын аяктоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.