Босогодогу саммит "ШКУнун 25 жылы: Туруктуу тынчтык, өнүгүү жана бирге гүлдөп-өнүгүү" урааны менен Кыргызстандын төрагалыгында өткөнү турат. Бишкектеги мааракелик саммитте үстөмдүк кылган багыт – ШКУдагы экономикалык кызматташтыктын потенциалын ишке ашыруу болуп саналат.
Мындай пикири менен тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов “Кабар” агенттигине берген маегинде бөлүштү. Окумуштуунун талдоосу боюнча Кыргызстан уюмдун натыйжалуу финансылык механизмин түзүү боюнча маселени тездетүүнү, анын ичинде ШКУнун Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фондун түзүүнү сунуштап, чөлкөмдүк экономикалык интеграцияга натыйжалуу аракеттери менен көмөктөшөт.

— Байболот Капарович, ШКУнун саммиттери биздин өлкөдө мурда деле өтүп келген. Бирок бул жолку даярдыктардын масштабын көрүп таң калып жатабыз. Кыргызстан уюмдун өлкө башчыларын жогорку деңгээлде күтүп алганы турат. Айтсаңыз, быйылкы отурумдун өзгөчөлүгү эмнеде?
— Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтө турган мааракелик саммитин зор саясий, тарыхый окуя десем жаңылышпайм. Буга Россия жана Кытай баштаган 10 өлкөнүн, биринчи жолу Европа, Азия, Африканы камтыган үч континенттен 15 диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн, байкоочу макамындагы 2 мамлекеттин, БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш жана бир катар абройлуу эл аралык уюмдардын катышуусу күтүлүүдө. Төрага катары Кыргызстан "Шанхай кызматташтык уюмуна 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө баруу" ураанын карманып жатат.
Бул мааракелик саммитти өткөрүү биздин өлкө алдындагы чоң жоопкерчилик. Кыргызстан үчүн жөн гана ири эл аралык форумду өткөрүү эмес, тескерисинче, сейрек болуучу мүмкүнчүлүктөр терезеси жана ошол эле учурда олуттуу жетишкендиктин сынагы. Бул жаңыртылган Кыргызстанды – туруктуу, ишенимдүү жана кызматташтыкка ачык өлкө катары дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгү. Мамлекетибиз бул окуяга кызуу экономикалык өсүп-өнүгүү даражасында келип, бул саммитке өзгөчө салмак берери айгине көрүнүп турат. Дагы бир жолу белгилеп кетейин, Кыргызстан ушуну менен өзүнүн жетилгендигин далилдегени турат.
Ошол эле учурда, Кыргызстанга өзүнүн заманбап имиджин дүйнөгө көрсөтүү мүмкүнчүлүгү ачылганын эстен чыгарбоо керек. Буга анын өнүккөн инфраструктурасы, жогорку сапаттагы тейлөөсү, инвестицияларга ачыктыгы жана жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларды өткөрүү дарамети кирет. Саммиттин уюштурулушу жана меймандостугу өнөктөштөр менен инвесторлордун бүгүнкү Кыргызстанды кандай кабыл аларын аныктайт.
— ШКУнун 25 жылдык мааракелик саммитинен геосаясий, социалдык-экономикалык жана маданий жаатта эмне күтүлөт? Бул суроо учурда коомчулук үчүн да, ШКУга мүчө мамлекеттердин эли үчүн да кызык.
— Бишкек саммити дүйнөлүк күч борборлорунун ортосундагы глобалдык атаандаштыктын күчөшү шартында өтүүдө. Мындай шартта ШКУ бир бүтүн катары коопсуздукту, экономиканы жана маданиятты бириктирген Евразиялык интеграциянын өзөктүк түзүмү катары өзүнүн ролун бекемдөөгө умтулууда. Ал эми Кыргызстан Чыгыш менен Батыштын ортосундагы диалог үчүн өзгөчө аянтча катары өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алууда.
Негизи күтүлүп жаткан чечимдер жана документтер ШКУнун коопсуздук маселелеринен тышкары экономикалык интеграция, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, санариптештирүү, жасалма интеллект жана эл аралык кызматташтык багыттарындагы ролун кеңейтүүгө багытталган. Кыргызстан үчүн бул саммиттин мааниси — ШКУнун күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо менен гана чектелбестен, өлкөнүн экономикалык, дипломатиялык жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жаңы механизмдерди түзүүгө кызуу катышуу болуп саналат.
25-мааракелик ШКУнун саммитинин жыйынтыгы боюнча 20дан ашык маанилүү документтен турган пакетти кабыл алуу күтүлүүдө.
Алар:
- "Бишкек мааракелик декларациясы" кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул документ ШКУнун 2050-жылга чейинки өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын чагылдырат. Декларация саммиттин негизги жыйынтыктоочу документи болуп, ага катышкан мамлекеттердин эл аралык күн тартибиндеги көйгөйлүү маселелер боюнча макулдашылган бирдиктүү позициясын билдирет.
- Энергияны үнөмдөө, энергияны натыйжалуу пайдалануу жана өзөктүк коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган билдирүүлөр болот.
- ШКУнун жаңы институттарын түзүү. Юбилейлик саммитте Бишкек шаарында Транс улуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборду түзүүнүн негиздерин түптөө жана ШКУнун Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фондун расмий түзүүнү ишке ашырууга старт берилери күтүлүүдө. Бул институттар Кыргызстан үчүн экономикалык өсүштү тездетүүгө реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачары да бышык.
- Энергетика, азык-түлүк коопсуздугу жана санариптик технологиялар боюнча жаңы координациялык механизмдерди ишке киргизүү.
- Кыргызстан ШКУнун алкагында жасалма интеллект (ЖИ) жана коопсуздук маселелери боюнча бир катар демилгелер менен чыгат.
- ШКУнун эл аралык кызматташтыгын кеңейтүү. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), БРИКС жана башка эл аралык жана аймактык уюмдар менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү күтүлүүдө.
- Кыргызстандын динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет катары эл аралык имиджин бекемдөө. Ошондой эле өлкөнүн аймактык логистикалык, экономикалык жана дипломатиялык хаб катары маанисин жогорулатууга шарт түзүлөт.
Деги эле Бишкекте өтө турган ШКУнун юбилейлик саммити бир катар системалык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анын алкагында коопсуздук, транспорт жана экономика тармактары боюнча бир катар практикалык макулдашууларды кабыл алуу, жаңы инфраструктуралык долбоорлорду демилгелөө жана аймактык диалогду күчөтүү күтүлүүдө. Саммиттин ийгиликтүү өтүшү прагматикалык мамилеге, өз ара компромисске жетишүүгө жана мамлекеттик демилгелерди ишке ашырууда эл аралык финансылык-укуктук принциптерди сактоого байланыштуу болот.
— Демек, Бишкек саммити ШКУнун мындан аркы өнүгүүсүн жаңы деңгээлге чыгарганы турат деп ишенимдүү айтса болобу?
— 2026-жылы Бишкекте өтө турган ШКУнун юбилейлик саммити жөн гана салтанаттуу саясий иш-чара болбостон, уюмдун алдыдагы он жылдыктардагы өнүгүү багытын аныктай турган стратегиялык маанилүү этапка айланат. Саммит ШКУнун көп функционалдуу кызматташтык платформасы катары позициясын бекемдеп, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Бишкектеги ШКУнун саммити уюм үчүн гана эмес, Кыргызстан үчүн да бурулуш учур болуп саналат. Форумду ийгиликтүү өткөрүү жана Кыргызстан тарабынан сунушталган демилгелерди илгерилетүү өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын бекемдөөгө, инвестицияларды тартууга жана Евразиядагы жаңы күн тартибин калыптандырууга активдүү катышкан мамлекеттердин бирине айланууга толук мүмкүнчүлүк берет. Алдыдагы саммит - Кыргызстанды дүйнөлүк аренада жетилген, жоопкерчиликтүү жана келечектүү өнөктөш мамлекет катары өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бере турган саммит.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!