Саясат таануучу Марс Сариев "Кабар" агенттигине берген маегинде геосаясий белгисиздик күчөп турган шартта Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтө турган саммитинин мааниси тууралуу айтып берди. Эксперттин белгилешинче, уюм жаңы шарттарга ылайык өзгөрүп, Евразиянын туруктуу өнүгүүсүндөгү негизги борборлордун бирине айланып баратат. Бул өңүттөн алганда, Марс Сариев глобалдык өзгөрүүлөр жүрүп жаткан учурда Кыргызстандын маанилүү катышуучулардын бири катары өзгөчө ролуна токтолду.
— Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине 20дан ашык мамлекеттин башчылары чогулат. Уюмдун таасири күчөп, ага кызматташууга кызыкдар болгон өлкөлөрдүн саны көбөйүүдө. Анын үстүнө булар континенттеги коңшу мамлекеттер менен гана чектелбейт. Күн тартибине коопсуздук, соода-экономика, транспорттук байланыш, энергетика, санариптештирүү жана гуманитардык кызматташтык маселелери киргизилген. Сиздин пикириңизде, мамлекеттер аралык кызматташтыктын бул форматынын келечеги кандай жана азыркы дүйнөдө ШКУ кандай роль ойнойт?
— Менин оюмча, саммиттин негизги мааниси – ШКУ акырындык менен өзүнүн табиятын өзгөртүп жатканында. Башында уюм негизинен коопсуздукту камсыз кылуу жана "жамандыктын үч күчү" – терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү механизми катары түзүлгөн. Бүгүнкү күндө болсо ШКУ Евразиядагы кеңири кызматташтыктын аянтчасына айланып баратат.

Бул абдан маанилүү. Азыркы шартта коопсуздукту экономикадан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Темир жол, энергетикалык система, мунай-газ багыты, порт, санариптик тармак же логистикалык борбор бир эле учурда экономикалык объект жана стратегиялык коопсуздуктун маанилүү элементи болуп саналат. Ошондуктан бүгүн экономика геосаясаттын уландысына, ал эми инфраструктура коопсуздуктун куралына айланууда.
Бул Кыргызстан үчүн өзгөчө актуалдуу. Өлкө Евразиялык процесстердин чет жакасындагы катышуучудан бара-бара Кытайды, Борбор Азияны, Каспийди, андан ары Кавказ менен Европаны байланыштырган транзиттик түйүнгө айланышы мүмкүн.
Бул багыттагы негизги долбоорлордун бири – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу. Ал Кыргызстандын аймактагы транспорттук-коммуникациялык системадагы ордун өзгөртүп, Борбор Азиянын Кытай жана Батыш багыттары менен байланышын күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Изилдөөчүлөр Кыргызстанды Борбордук Евразиядагы келечектүү логистикалык түйүн катары карап жатышат.
— Азыркы дүйнөдө инфраструктураны өнүктүрүү маселеси стратегиялык туруктуулукту сактоо зарылдыгы менен тыгыз байланышта. Темир жолдор, транспорттук түйүндөр, логистикалык борборлор же энергетикалык объектилер болобу, алардын ар кандай коркунучтардан корголушуна өзгөчө көңүл буруу талап кылынат.
— Бишкек саммитинде коопсуздук маселеси терроризм жана экстремизм менен гана чектелбей, кеңири өңүттө каралышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө транс улуттук терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, киберкоркунучтар, дрондорду колдонуу менен жасалган терроризм, стратегиялык маанидеги инфраструктураларды коргоо, транспорттук коридорлордун коопсуздугу, энергетикалык коопсуздук жана маалымат мейкиндигин коргоо сыяктуу маселелер биринчи планга чыгууда. Башкача айтканда, коопсуздук түшүнүгү аймактын коопсуздугунан агымдардын коопсуздугуна карай өзгөрүүдө.
Бул Борбор Азия үчүн өзгөчө маанилүү. Аймак аркылуу транспорттук, энергетикалык, финансылык жана маалыматтык агымдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Ошондуктан аймактагы туруктуулук жалпы Евразия инфраструктурасынын үзгүлтүксүз иштешинин негизги шарттарынын бири болуп калууда.
— Демек, өнүгүү мейкиндигин түзүү жана ири долбоорлорду ишке ашыруу экономикалык пайда гана эмес, өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө, бизнеске, соодага, ресурстар жана технологиялар менен алмашууга мүмкүнчүлүк берген өз ара байланышкан факторлордун жыйындысы десек болобу?
— Бүгүнкү күндө башкача логика иштеп жатат – экономикалык байланыштуулук өзү коопсуздуктун факторуна айланууда. Эгер мамлекет маанилүү транспорттук коридорду, энергетикалык түйүндү же санариптик инфраструктураны көзөмөлдөсө, ал экономикалык артыкчылыктар менен гана чектелбестен, кошумча геосаясий салмакка да ээ болот.
Тескерисинче, инфраструктура аялуу болуп калса, экономикалык долбоор саясий басым көрсөтүүнүн объектисине айланышы мүмкүн.
Ошондуктан Кытай Кыргызстан аркылуу темир жол курууга гана эмес, анын айланасында туруктуу коопсуздук мейкиндигин түзүүгө да кызыкдар. Пекин үчүн Борбор Азиянын туруктуулугу Шинжаңдын коопсуздугу жана Кытай экономикасынын батыш багытынын иштеши менен түздөн-түз байланыштуу.
— ШКУ жаңы геосаясий шарттарга ыңгайлашып, өнүгүп жатат. Уюмду чыңдоонун кандай механизмдерин көрүп турасыз жана келечекте ал кандай роль ойнойт?
— ШКУ жамааттык коопсуздукту камсыз кылган уюмдан Евразиядагы комплекстүү байланыштуулук жана туруктуулук боюнча аянтчага карай өнүгүп жатат. Бирок ШКУ НАТО же Европа биримдигинин аналогу болуп кетиши күмөн.
Анын өзгөчөлүгү башкада. Бул – кызыкчылыктары ар түрдүү болгон Кытай, Россия, Индия, Пакистан, Иран жана Борбор Азия өлкөлөрү өз ара кызыкчылыктардын кесилишкен жерлерин табууга аракет кылган мейкиндик.
Негизги принцип блоктук тирешүү эмес, көп полярдуу өз ара аракеттенүү бойдон калууда. Ошондуктан ШКУ геосаясий чыңалуудан улам келип чыккан ар кандай, анын ичинде кризистик кырдаалдарда өзүнчө бир "коопсуздук клапанынын" ролун аткара алат.
— Кыргызстан ШКУнун саммитин, көптөгөн эксперттер белгилегендей, тарыхый бурулуш мезгилинде өткөрүп жатат. Бул глобалдык процесстердин көз карашынан алганда өлкөбүз үчүн канчалык маанилүү?
— Кыргызстан үчүн бул саммит дипломатиялык иш-чара менен гана чектелбейт. Бул – өлкөнүн ири державалардын ортосунда жайгашкан чакан мамлекет катары эмес, калыптанып жаткан Евразия инфраструктурасынын борборунда турган өлкө катары жаңы ролун бекемдөө мүмкүнчүлүгү.
Кыргызстандын негизги улуттук кызыкчылыгы – географиялык жайгашуусун мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдалануу менен бирге, өлкөнү тышкы күчтөрдүн атаандаштыгынын аренасына айландырбоо.
Бул үчүн Бишкек көп векторлуу тең салмактуу саясатты жүргүзүшү керек: Кытай менен экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, Россия менен байланыштарды сактоо, Түркия жана ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрү менен мамилелерди өнүктүрүү, ошол эле учурда Европа жана Түштүк Кавказ мамлекеттери менен байланыштарды кеңейтүү зарыл.
Бишкекте өтө турган ШКУ саммити уюмдун жаңы моделине өтүүсүндөгү маанилүү бурулуш учурлардын бири болушу мүмкүн.