Саналуу күндөрдөн соң жалпы кыргызстандыктар көптөн күткөн “Бишкек Арена” стадионунун курулуш аяктап, алгачкы көрүүчүлөрүнө эшигин ачат. Борбор Азияда эң ири стадион боло турган объектте учурда курулуш иштери дээрлик аяктап калды. 31-августта "Бишкек Аренада" VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Учурда стадиондун ичин жасалгалоо иштери кызуу жүрүүдө. Көргөндүн көзүн суктанткан стадиондун өзгөчөлүгү тууралуу “Кабар” агенттиги айтып берет.

2023-жылы 30-августта Орок айылында "Бишкек Арена" стадионунун курулушуна капсула салынган. Курулуш иштери 2024-жылы башталган. Ошондон бери иштер тынымсыз жүрүп жатат. Бул стадион Кыргызстанда эле эмес, бүткүл Борбор Азияда эң чоң стадион болмокчу. Бир убакта 51 миң көрүүчүнү батыра алат.

Долбоор боюнча стадион FIFA`нын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Стадиондун бийиктиги – 70 метр, диаметри – 280 метр. Газон жана жарыктандыруу системасы эл аралык стандарттарга төп келет. Футбол талаасынын узундугу – 105 метр, туурасы – 68 метрди түзөт. Эми анда футболдук беттештерди, чемпионаттарды, деги эле спорт менен байланышкан мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Бишкек Арена” – миңдеген адамдарды бириктирген жөн гана заманбап стадион гана эмес, спорттук мелдештерден тышкары, концерттер, түрдүү маданий иш-чараларды өткөрө турган аянтчага айланат.

Стадиондун долбоорунда Bishkek arena Mall да камтылган. Бул инвестиция салуу жана туруктуу киреше алуу үчүн ыңгайлуу соода аймагы болмокчу. Анда супермаркет, кинотеатр, фудкорт, ресторан, кафелер, дүкөндөр, жана көңүл ачуучу жайлар жайгашмакчы.

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Бишкек Арена” стадионунун курулушу дээрлик аяктап, ачылуу аземине даярдыктар көрүлүп жатканын билдирди.
Туманбаев белгилегендей, стадиондун аймагында үч кабаттуу соода борбору да бар.
“Соода борборунда унаа токтоочу жай каралган. Имараттын сыртында да унаа токтоочу жайлар бар. Стадионго коммерциялык имарат курганыбыздын бирден-бир себеби, стадионубуз Борбор Азиядагы эң чон стадион болуп жатат. Соода борборунан түшкөн каражат "Бишкек Аренаны" тейлөөгө жана анын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалып турат. Стадион бардык шарттары менен эл үчүн курулууда”, - деди ал.
Буга чейин комплекстин сырткы жарыктандыруу системасы сыноодон өткөрүлгөн. Ачылыш аземде көрүүчүлөрдү укмуштуудай кооз жарык шоусу күтүп турат.

31-августта "Бишкек Аренада" Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт. Оюнга катышкан командалар парады өлкө башчыларынын катышуусунда өтүп, чакан концерттик программа тартууланат. Ачылыш аземин утурлай билеттер сатыла баштады. Билеттерди ticket.gov.kg расмий сайтынан сатып алууга болот. Билеттин баасы секторуна жана орунга жараша 5 000 сомдон 9 000 сомго чейин болот.

31-августтагы иш-чара "Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылышы болуп саналбайт. Бул күнү стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтөт.
"Бишкек Арена" стадионунун кыргызстандыктар үчүн расмий ачылышы үстүбүздөгү жылдын 5-октябрь күнү чоң шоу-концерт менен өтүп, кирүү акысыз болот.

Туризм тармагы боюнча адис Азамат Жаманкулов “Кабар” агенттигине билдиргендей, “Бишкек Арена” мындан ары эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө жол ачууда. Бул өз кезегинде туристтик имиджин жогорулатууга да таасирин тийгизе алат.

“Көчмөндөр оюндарын өткөргөндөн кийин улуттук маанидеги жана эл аралык маанидеги иш-чаралардын өтүүсүнө стадион өбөлгө болууда. “Бишкек Арена” пайдаланууга берилгенден кийин биз көп жылдардан бери эңсеп жүргөн дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздардын келишине жол ачылат. Буга чейин инфраструктуралык шарттар жок болгондуктан алар коңшу өлкөлөргө келип эле кетип калышчу. Дүйнөлүк турнелер бизде өткөн эмес. Ошондуктан инфраструктуралардын курулушу менен маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө”, - деп эсептейт Азамат Жаманкулов.
Стадиондун курулушу башталгандан бери коңшу мамлекеттердин жарандары спорттук объект Борбор Азияда аянты менен эң чоң стадион болуп жатканын айтып, суктануу менен карашууда. Эксперттер бул артыкчылыгы менен стадион Кыргызстандын туристтик имиджин да арттыра алат деп белгилешүүдө. Анткени стадион ачылганда артынан ири спорттук мелдештерди жана концерттик программаларды алып келери талашкыс.