Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашык адам жашайт

Коом Загрузка... 03 Декабрь 2025 15:44
31ff1f3c1cc9c3eeb1c1ecd23c6d959f.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаевдин Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда айтылат.

Министрдин айтымында, алардын ар бири коомдун толук кандуу мүчөсү жана  чоң потенциалга, талантка, кайраттуулукка жана эмгекчилдикке ээ.

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой, Кыргызстан социалдык саясатка артыкчылыктуу маани берген мамлекет. Бул багыттагы аракеттер БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялоо менен да бекемделген.
Аталган Конвенциянын максаты – майыптыгы бар чоңдор менен балдарга физикалык, экономикалык, социалдык, маданий чөйрөгө, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маалымат жана байланыш системаларына толук жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу", - деди ал.