Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыланат

Коом 5 июнь 2026 13:50
DSC00149.JPG
DSC00137.JPG
Алдыга
Артка
DSC00149.JPG
DSC00137.JPG
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыланат. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте бул багытта иш алып барат.

Тараптар кызматташуу боюнча расмий документке бүгүн, 5-июнда — Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чаранын алкагында кол коюшту.

Кызыл китеп — бул жок болуп кетүү коркунучунда турган, саны азайып бараткан же сейрек кездешкен жаныбарлардын, канаттуулардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн расмий тизмеси камтылган өзгөчө мамлекеттик укуктук документ болуп саналат.