Кыргызстанда "Кыргыз спутник" мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Коом Загрузка... 24 Март 2026 09:55
1920x1080.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинети "Кыргыз спутник" ачык акционердик коомун түзүү тууралуу токтом кабыл алды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жаңы мамлекеттик компания жаратылыш ресурстарын башкарууда космостук технологияларды колдонот жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн негизги куралы болуп калат.

"Долбоор улуттук аэрокосмостук маалыматтарды алуу жана пайдалануу системасын түзүүгө багытталган. Бул жерди пайдалануу, экологиялык мониторинг, климаттык өзгөрүүлөрдү талдоо, пайдалуу кендерди чалгындоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу тармактарында чечимдерди так жана ыкчам кабыл алууга мүмкүндүк берет", – деп айтылат маалыматта.

Компаниянын негиздөөчүсү жана жалгыз акционери болуп Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аныкталды.

"Кыргыз спутник" инфраструктурасы Каракол шаарында өнүктүрүлөт. Бул аймактык өнүгүүгө жана жаңы технологияларды тартууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Белгиленгендей, компанияны түзүү Кыргызстанда өзүнүн космостук компетенциясын калыптандырууга жана технологиялык көз карандысыздыгын бекемдөөгө негиз салат.

Келечекте бул спутниктик маалыматтарды айыл чарбасында, суу ресурстарын башкарууда жана мамлекеттик процесстерди санариптештирүүдө кеңири колдонууга жол ачат.

"Кыргыз спутник" долбоору өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, коопсуздугуна жана инновациялык келечегине багытталган узак мөөнөттүү инвестиция катары каралууда.