Курулуштун жаңы доору: 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү эмнеде?

Коом 4 март 2026 17:50
646196247_1429320855333626_7760930004734325922_n.jpg
646215891_1429320935333618_1756206343913524252_n.jpg
646274889_1429320865333625_4544223939990956377_n.jpg
647162764_1429320948666950_4281348970268995300_n.jpg
647207172_1429320885333623_7704985285487913572_n.jpg
647260195_1429320905333621_7087722545470908466_n.jpg
648116252_1429320912000287_4082763135162803306_n.jpg
648130275_1429320878666957_3222882971559624304_n.jpg
648140916_1429320958666949_2911875065637432337_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жаңы технологиялык ыкма менен курулуп жаткан Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун имаратынын курулушун жеринде көрдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имараттын негизги каркасы заводдо даярдалган 24 ири темир-бетон блоктон туруп, болгону 4 иш күнүндө (фундаменттик иштерди эсепке албаганда) монтаждалган.

Ошондой эле индустриалдык модулдук система сейсмикалык талаптарга толук жооп берет жана конструкциянын бекемдигин камсыз кылат.

Имараттын курулуш 2025-жылдын ноябрында башталган, 2026-жылдын май айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору түзүлгөндөн бери ижарага алынган имараттарда иштеп келген. Эми борбор үчүн биринчи жолу заманбап талаптарга жооп берген атайын административдик имарат курулуп жатат.