Кыргызстанда Курман айт майрамы 27-майда белгиленет

Коом 18 май 2026 18:05
Кыргызстанда Курман айт майрамы 27-майда белгиленет
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда 26-май арапа күнү, 27-май Курман айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктан билдиришкендей, Курман айт күнү адам баласынын кылган амалдарынын ичинен Аллахка эң сүйүктүүсү - курмандык чалуу.

"Курман айт ислам дининдеги эң улуу майрамдардын бири болуп эсептелет. Бул күндөр мусулмандардын ынтымагын бекемдеп, боорукерликти, жардамдашууну жана курмандык аркылуу Аллахка жакындоону даңазалайт", - деп айтылат маалыматта.