Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров кореялык консорциумдун өкүлдөрү менен жолугушту.
Агенттиктен билдиришкендей, консорциумдун курамына Far East University, Chungbuk Technopark жана HS Solar Energy Co., Ltd кирет. Жолугушууга ошондой эле ОсОО «МК Инвест» компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, кызматташууну өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.
Кыргыз тарап экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы негизги инвестициялык долбоорлорду сунуштады. Өз кезегинде кореялык консорциум билим берүү, технологиялык өнүгүү жана кайра жаралуучу энергетика багыттары боюнча өз демилгелерин тааныштырды.
"Кыргызстан инвесторлор үчүн ишенимдүү өнөктөш болуп саналат. Өлкөдө инвестицияларды коргоо боюнча укуктук кепилдиктер камсыздалып, бизнес жүргүзүү үчүн ачык жана түшүнүктүү шарттар түзүлүүдө. Биз эл аралык өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багыттайбыз", — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Кореялык тарап биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулук менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жыйынтыгында кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык демилгелерди илгерилетүүгө багытталган меморандумга кол коюлду. Тараптар конкреттүү долбоорлорду жана өз ара аракеттенүү механизмдерин мындан ары да иштеп чыгууну макулдашты.