Кыргызстанда кайсы адистиктерге суроо-талап жогору?

Коом Загрузка... 20 Январь 2026 16:00
WhatsApp Image 2026-01-20 at 15.39.26.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.01.26 /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкөдө аймактык башкармалыктар менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда бош орундарды талдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мунун негизинде иш берүүчүлөр бош орундар тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз берип турушат. Атап айтканда, мурда “Zanyatost.kg”, азыркы учурда “Jumush.kg” деп аталган порталга маалыматтар киргизилүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Саадаткүл Муканбетова билдирди.

Анын айтымында, эмгек рыногунун маалыматтык тутумунда учурда 5500 бош орун актуалдуу. Алардын ичинен кызматчы кесиптерге 1200дөн ашык, ал эми жумушчу кесиптерге 4200 бош орун туура келет. Каттоодо турган же кайрылган жарандарга ушул маалыматтар сунушталат.

Кызматчы кесиптер боюнча төмөнкү адистер талап кылынууда:

  • мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдери – 350;
  • медициналык кызматкерлер (дарыгерлер, медайымдар, фармацевттер, укалоочулар, санитарлар) – 320;
  • бухгалтерлер, юристтер, экономисттер, администраторлор.

Ал эми жумушчу кесиптер боюнча төмөнкү тармактар актуалдуу:

  • тигүү тармагы;
  • компьютердик адистер;
  • ашпозчулар;
  • соода жана курулуш тармактары.

Иш издеп жаткан жана убактылуу бош жарандар каттоодо турган жерине карабастан, жашаган жери боюнча аймактык башкармалыктардын иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрүнө кайрыла алышат, — деп белгиледи ал.