Кыргызстанда картошка, каймак май жана сабиз арзандады – бааларга мониторинг

Экономика Загрузка... 22 Май 2026 14:55
1.png
copyright icon WWW

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. 20-майга карата Кыргызстанда жана Россия менен Казакстандагы азык-түлүк продуктуларынын баасына салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мониторинг нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы сыяктуу негизги азык-түлүктөрдү камтыды.

Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда пияз 2,3%, кой эти (сулп этинен башкасы) 1,1%, уй эти 1,3%, жумуртка 0,8%, макарон азыктары 0,5%, кум-шекер 0,4%, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 0,2 %, күрүч 0,2 %, 1-сорттогу буудай уну (импорттолгон) 0,1 %га жогорулаганы аныкталды. Ал эми картошка 2,2 %, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) 1,3 %, сабиз 0,2 %га  төмөндөгөнү байкалды.   

Казакстанда күрүч 1,6%, 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө) 1,1%, каймак май 0,7%, макарон азыктары 0,5%, өсүмдүк майы 0,6 %га жогоруласа, ал эми 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 2,1%, макарон азыктарынын айрым түрлөрү 1,6%, кум-шекер 0,4%, сабиз 0,3 %, уй эти 0,2%, пастерленген 2,5-3,2% майлуул-гы сүт 0,2%, жумуртка 0,1%, картошка 0,1 %, баш пияз 0,1%га төмөндөгөнү байкалды. 

Ошондой эле Россияда пияз 2,1%, сабиз 1,8%, кой эти (сулп этинен башкасы) 1,7% картошка 1,5%, макарон азыктары (вермишель) 1,3%, кум-шекер 1,3%, уй эти (сулп этинен башкасы) 1,3%, өсүмдүк майы 1,2%, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 1,2%, пастерленген 2,5-3,2%, сүт 1,1%, каймак май 1%, күрүч 0,8%, жумуртка 0,2%га жогорулаганы байкалды.