Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбор Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстандагы качкындардын укуктарын коргоо, башпаанек издеген адамдарды жумуш менен камсыздоону мыйзамдык жөнгө салуу жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруу маселелерин талкуулашты.
Досматов өлкөдө Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына ылайык, качкындар үчүн атайын жол жүрүү документин киргизүү иштери жүрүп жатканын белгиледи. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, бул документтерди берүү тартиби үстүбүздөгү жылдын 6-августунан тарта күчүнө кирет.
"Мындан сырткары, качкындарды эсепке алууну өркүндөтүү максатында жакынкы арада адистештирилген санариптик маалымат базасын түзүү жана системаларды интеграциялоо пландалууда. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар качкындардын укуктук тутумун биргеликте өнүктүрүүнү улантууну макулдашты",-деп айтылат маалыматта.