Кыргызстанда качкын статусун 164 адам алган

Коом Загрузка... 13 Март 2025 14:45
WhatsApp Image 2025-03-13 at 10.04.20.jpeg
copyright icon Акназик Тургунбаева

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда башка өлкөдөн келген качкын деген макам менен жашап жүргөндөрдүн саны бүгүнкү күндө 164тү түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Анын айтымында, муну менен катар баш паанек издеген адамдардын саны 1 миң 708 кишини түзөт. Ал эми 2025-жылга Кыргыз Республикасынын иммиграциялык квотасы 1 миң 100 адамды түзөт.

“Ошондой эле 2024-жылы "мекен-карт" макамын 184 киши алды. мекен-карт” макамын алган жарандар Кыргызстанга эркин кирип-чыгат жана визадан бошотулат. Өткөн жылы ага 210 жаран тапшырып, анын ичинен 184ү алышкан.

“Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилип, тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу болот”,-деди ал.