Кыргызстанда JICA`нын колдоосу менен 30дан ашык долбоор ишке ашты

Экономика 14 май 2026 15:50
699516724_1291813023127441_7524897377451213070_n.jpg
697402544_1291813219794088_712510765340426208_n.jpg
697792606_1291813213127422_8589214870101904953_n.jpg
697792620_1291813206460756_5992801831063858174_n.jpg
697792785_1291813413127402_6307739768327682831_n.jpg
698435935_1291813353127408_5988895047145345440_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө министрлик менен JICA ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Солтобаевдин айтымында, JICA`нын колдоосу менен өлкөдө жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган 30дан ашык долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул долбоорлор жолдордун абалын жакшыртууга, автоунаа каттамдарынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга олуттуу салым кошту.

Ошондой эле министр өлкө аймагынан өткөн эл аралык транспорттук коридорлорду жакшыртуу жана жүргүнчүлөр менен жүктөрдүн коопсуз, үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары, стихиялык кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана алардан коргонуу стратегиясына жооп берген бир катар долбоордук сунуштар JICAга жөнөтүлгөнүн айтып, аларды оң кароону өтүндү.

Өз кезегинде JICA`нын өкүлү министрди учурда өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана япон тарабынан каралып жаткан жаңы демилгелер тууралуу маалымат менен тааныштырды.