Кыргызстанда үй жаныбарларына эмдөө жүргүзүлөт

Коом Загрузка... 06 Март 2025 11:30
8fe3e0f34d3083cba6f.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда иттерге эмдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов парламент жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңеште депутаттар көпчүлүк учурда жарандар чет өлкөдө операция жасоого жардам берүү өтүнүчү менен депутаттарга кайрыларын айтышты.

Депутат Жанар Акаев көптөгөн бейтаптар кымбат баалуу боор, бөйрөк жана башка операцияларды талап кыларын билдирди. Көпчүлүк учурда жугуштуу дарттар үй жаныбарларынан жугаарын айткан депутат үй жаныбарларын эмдөө иштерине кызыкты.

«Айыл чарба жаныбарларын гана эмес, үй жаныбарларын да эмдөө боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат», - деди ал.

Кожобергеновдун айтымында, республикада үй жаныбарларын эмдөө 2002-жылы токтотулган.

«Быйылдан баштап үй иттерине эмдөө жүргүзүлүп, мурдагыдай эле жолбун иттерди атуу иштери башталат», - деди ал.