Кыргызстанда өспүрүм кыздарды папиломма вирусуна каршы эмдөө көрсөткүчү 91%га жетти

Ден соолук 2350 21 Апрель 2026 18:03
_gluster_2024_10_1_.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда 11 жаштагы өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө 91 пайызды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, вакцина улуттук эмдөө календарына киргизилгенден бери жалпысынан 258 миң 985 өспүрүм кыздар эмделди.

“Бул жетишкендик Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык альянс (ВИГА), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, ЮНИСЕФ жана башка өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташуунун аркасында мүмкүн болду”, - деп белгиледи ал.