Акыркы эки жылда вакцинадан баш тарткандардын саны 10% кыскарды

Ден соолук 2280 21 Апрель 2026 17:10
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.36 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-21 at 10.41.36 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы эки жылда вакцинадан баш тартуулардын саны 10%га кыскарган. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Ана Даутович “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул натыйжага өлкөдө жамааттардын жана диний уюмдардын башчылары менен узак убакыттан бери түзүлгөн өнөктөштүктүн аркасында жетишилди.

“Дал ушул биргелешкен иштин натыйжасында 2024–2025-жылдар аралыгында вакцинадан баш тартуулардын саны 10%га кыскарган. 2025-жылы эле маалымат жеткирүү кампаниясы 564 562 баланы камтып, мурда бир да жолу вакцина албаган балдарды аныктоого жана аларды эмдөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Алардын арасында мигрант үй-бүлөлөрдүн балдары жана башка аярлуу топтор да бар”, - деп белгиледи ал.