Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Эмдөө дүйнө жүзү боюнча 154 млн адамдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул 1974-жылдан берки баалоолордо көрсөтүлгөн.
“Бул эч кандай күмөн жаратпайт. Вакциналар иштейт жана өмүрдү сактайт. Айрыкча, Кыргызстан иммунизация системасын чыңдоодо туруктуу жана үмүт жараткан прогрессти көрсөтүүдө. Биз буга чейин эле улуттук иммунизация системасынын калыбына келүүсүн жана анын оң натыйжанын ачык белгилерин көрүп жатабыз”, - деп белгиледи ал.