Мигранттар үчүн салык эрежелери: Патентти онлайн алуу жана баасы

Коом Загрузка... 26 Июнь 2026 16:40
copyright icon WWW

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандардын салыктык милдеттенмелерин түшүндүрүү боюнча маалыматтык өнөктүк баштады.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чара Эл аралык миграция уюму жана БУУнун Тынчтыкты куруу фонду менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Салык мыйзамдарына ылайык, курулуш, айыл чарба жана жеке тейлөө чөйрөсүндө жеке жактардын колунда иштеген мигранттар үчүн патенттин баасы айына 800 сомду түзөт. Ал эми камсыздандыруу төгүмүнүн өлчөмү өлкөдөгү орточо айлык эмгек акынын 6%ын түзөт.

Патентти биринчи жолу алуунун тартиби:

  1. ИНН (ПИН) алуу: Визасыз режим учурунда каалаган Калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылуу керек.
  2. Салык органына кайрылуу: Паспорттун түп нускасы, анын нотариалдык котормосу, ПИН маалымкаты жана каттоо талону менен аймактык салык органына кайрылып, STI-163 формасында арыз жазуу зарыл.
  3. Онлайн кабинетке кирүү: Биринчи жолу кагаз патентти алганда, инспектор салык төлөөчүнүн кабинетине (cabinet.salyk.kg) кирүү үчүн логин/сырсөз берет. Келечекте патентти онлайн узартууга болот.
"Бул патент визасыз режим учурунда гана жарактуу жана жеке жактардын колунда иштөөгө укук берет. Эгерде мигрант юридикалык жак же жеке ишкер менен иштешсе, анда бардык салыктык кармап калууларды жумуш берүүчү өзү жүргүзөт.
Салык кызматы чет өлкөлүк жумушчуларды расмий тариздөө жана патенттин болушун көзөмөлдөө — иш берүүчүнүн укуктук коопсуздугу экенин эскертет. Мигранттарды каттоого албай туруп ишке орноштуруу үчүн мыйзам боюнча административдик жоопкерчилик каралган",-деп айтылат маалыматта.