Кыргызстанда ишкер аялдар кепилдик менен 12 млрд сом насыя алышты

Экономика Загрузка... 05 Март 2026 16:40
3ea8e67a-1c9e-4b60-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. "Кепилдик фонду" ААК түзүлгөндөн бери ишкер айымдарга жалпы суммасы 12 млрд сомдон ашкан насыя алууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева билдирди.

Маалыматка ылайык, фонд тарабынан берилген жалпы кепилдиктердин 38 пайызы (4 885) аялдардын бизнесине багытталган.

"Ишкер айымдар алган насыялардын жалпы суммасы 12 млрд сомду түзүп, бул фонддун жалпы кредиттөө көлөмүнүн 33 пайызын түзөт. Аялдар үчүн берилген кепилдиктердин суммасы 3,9 млрд сомго жетти. Ошондой эле фонд тарабынан өткөрүлгөн 575 семинарга 4 800дөн ашык ишкер катышса, алардын 35 пайызын аялдар түзгөн", - деди ал.

Рейна Курманкожоева белгилегендей, 2020-жылдан тарта фонд кепилдиктердин кеминде 30 пайызын аялдар башкарган чакан жана орто бизнеске багыттоо чечимин кабыл алган. Ошондой эле Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында ишкер айымдарга 938 млн сомдук 2 810 кепилдик берилген.

"Бул көрсөткүчтөр аялдардын каржылык сабаттуулугу жогору экенин жана алар кризис учурунда да туруктуулукту көрсөтөрүн далилдейт", — деди ал.

Учурда "Кепилдик фонду" Бишкектеги гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарындагы ишкер айымдарга бизнес-пландарды иштеп чыгууга жана консультация берүүгө көмөктөшүүнү улантууда.