Кыргызстанда инвесторлор үчүн санариптик чечимдер киргизилүүдө

Экономика Загрузка... 25 Декабрь 2025 09:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында инвестициялык инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатуу жана инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу максатында санариптик инструменттер киргизилүүдө. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Түндүк” ишканасы менен биргеликте “Инвестициялар” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу долбоору жүргүзүлүүдө. Аталган системаны 2026-жылы ишке киргизүү пландалган. Ал “бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеп, арыздарды электрондук түрдө тапшырууну, инвестициялык долбоорлорго онлайн жеткиликтүүлүктү, маалыматтарды борборлоштурууну жана мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияны камсыздайт.

Агенттиктен белгилешкендей, автоматташтырылган маалыматтык системаны киргизүү жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жогорулатып, административдик мөөнөттөрдү кыскартат жана инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү санариптик реестрин түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай системаны түзүү инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды калыптандырып, инвесторлордун ишенимин арттырат жана өлкө ичинде инвестициялык чөйрөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Долбоорду ишке ашыруу заманбап санариптик инвестициялык экосистеманы калыптандырууга, инвесторлордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнө ыңгайлуу, ачык жана узак мөөнөттүү кызматташууга багытталган.