Бишкек, 29.01.28. /Кабар/. Кыргызстанда инвестициянын санына эмес, сапатына көңүл бурган заман келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз "Кабар подкастка" берген маегинде айтты.
"Бир кезде биз инвестиция болсо эле, боорсок менен майыбызды көтөрүп чуркап, инвесторлорго кошомат кылып жүрчүбүз. Өлкөдө туруктуулук жана мыйзам орноп, инвесторлордун агымы көбөйдү. Буга байланыштуу азыр биз инвестициянын сапатын текшерүүгө өттүк", - деди ал.