Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда Илим күнү өкмөттүн 2002-жылдын 14-январындагы токтому менен аныкталган жана жыл сайын ноябрда белгиленет.
Кыргыз илиминин калыптанышы, согуш мезгилиндеги бардык кыйынчылыктарга карабастан, 1943-жылы башталган жана СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы уюштурулган. 1954-жылдын декабрында Фрунзе шаарында, филиалдын базасында Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы түзүлгөн. Академиянын илимий кызматкерлеринин ошол мезгилдеги саны 203 адамды түзгөн, алардын 12 илимдин доктору, ал эми 83 - илимдин кандидаты.
1993-жылы Илимдер академиясына жогорку мамлекеттик илимий мекеме статусун берүү менен Улуттук илимдер академиясы болуп кайра түзүлгөн.
2024-жылы академияда илимий ишмердикти 1 315 адам ишке ашырып, алардын ичинен 129 илимдин докторлору жана 256 адам илимдин кандидаттары болушкан.
Кызматкерлердин жалпы санынын 52 пайызын аялдар түздү. Илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 2024-жылы 893 млн сомду түздү жана 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 50 пайызга өскөн. 2024–жылы республикада 68 илимий уюм, анын ичинен жогорку билим берүү секторунун үлүшүнө 36 пайыз жана академиялык сектор уюмуна 31 пайызы туура келди. 2024-жылы аткарылган илимий-техникалык иштердин жалпы көлөмүндө, алардын эң көп саны (55% жакын) академиялык сектордун уюмдарына туура келди.
2024-жылы илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган адистердин саны, жогорку кесиптик окуу жайлардын илимий-педагогикалык кызматкерлерин кошкондо, 8 миңден ашык адамды түзгөн. Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган кызматкерлердин жалпы санынын 80% жакынын изилдөөчү-адистер түзөт, алардын 38% жакыны илимдин докторлору жана кандидаттары. Мында алардын гендердик катышы жалпысынан 62%га жакынын түзүү менен аялдардын пайдасына түзүлөт. Республиканын экономикасынын ар кайсы тармактарынын адистерине билим берүү деңгээлин, жогорку кесиптик билим берүүнүн базасында илимий жана педагогикалык квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн аспирантура жана докторантура берет.
Аспиранттардын саны 2024-жылы 2,4 миң адамды түздү, алардын эң чоң үлүшү илимдин медициналык (24%), педагогикалык (16%), экономикалык (10%) жана юридикалык (13%) тармагына туура келди. Докторанттардын саны 623 адам. Аспиранттардын жалпы санындагы аялдардын үлүшү 60% ашыкты, ал эми докторант аялдардын үлүшү алардын жалпы санынын 60% жакынын түздү.

2024-жылы 591 аспиранттар бүтүрүлүп чыгарылган. Алардын эң көп үлүшү педагогикалык (20%), медициналык (15%), юридикалык жана тарыхый (12%) илимдин тармактарына туура келди.