Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Европа биримдиги тарабынан каржыланган «Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка нөлдүк чыдамдыкты илгерилетүү (Zero VAWG)» демилгесин расмий түрдө ишке киргизүү жана ага кол коюу аземи болуп өттү.
Бул демилге Кыргызстанда гендердик зомбулуктун алдын алуу процессинде улуттук аракетти күчөтүү максатын көздөйт.
Иш-чарага министрлер кабинетинин, Европа биримдигинин, БУУ системасынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, ошондой эле жарандык коомдун жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.
Долбоордун иши 36 айга – 2025-жылдын ноябрынан 2028-жылдын октябрына чейин созулары айтылды. Жалпы бюджет 3 млн 119 миң АКШ долларын түзүп, анын ичинен 2,5 миллион еврону Европа биримдиги, ал эми БУУнун Аялдар түзүмү 200 миң АКШ долларын бөлөт. Долбоор мультипликативдик эффект берип, 36 айдын ичинде өлкөнүн жети аймагындагы 35 максаттуу жергиликтүү коомчулуктарды, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларындагы 1200дөн ашык уюмга жана 6000 катышуучуга, ошондой эле борбордук деңгээлдеги 20дан ашык мекемеге жетет.
Негизги багыттар:
- гендердик негизде зомбулуктун алдын алуу;
- зордук-зомбулуктан жабыркагандарга багытталган кызматтарды алуусу жеткиликтүү болуу;
- коомчулук деңгээлинде ыкчам, координацияланган жана жоопкерчиликтүү аракеттенүү механизмдерин өнүктүрүү;
- жаңы социалдык нормаларды калыптандыруу жана зомбулуктун алдын алуу үчүн санариптик инструменттерди колдонуу.
Zero VAWG демилгесинин максаты - адам укуктарын коргоону күчөтүү, гендердик зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү жана Кыргызстандагы аялдар жана жаштар уюмдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.