Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Экономика тармагындагы эксперттер Кыргызстанда инфляциялык басым жогору экенин белгилешүүдө. Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, буга реалдуу эмгек акынын өсүшү (+9,9%) жана керектөөчүлүк насыялоонун кеңейиши (+67,2%) сыяктуу факторлор себеп болууда. Мындай шартта товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө ички суроо-талап жогорулап, бул баалардын өсүшүнө түрткү берет. Натыйжада республикадагы инфляция 5–7% түзөт деген максаттуу көрсөткүчтөн чыгып, 9,6% жетти.
Мындай кырдаалда аналитиктер эсептик ченди 11%дан 12%га чейин көтөрүү чечимин негиздүү деп эсептешет.
Экономика жана каржы тармагындагы эксперт Сергей Пономарев улуттук банк инфляциялык басымды төмөндөтүү үчүн салттуу инструменттерди колдонгонун белгиледи.
"Биз бүгүн өнүккөн рыноктук экономикасы бар өлкөлөрдө да эсептик чендер көтөрүлүп жатканын көрүп жатабыз, анткени бул баалардын өсүшүн ооздуктоого таасир этүүчү натыйжалуу курал. Ошондуктан улуттук банктын чечими туура. Чендин жогорулашы насыялык жүктөмдү бир аз көбөйтөт, бул болсо керектөөчүлүк жана ишкердик активдүүлүктү бир аз басаңдатат. Ошол эле учурда биз инфляциянын басаңдап, максаттуу коридорго кайтып келишин күтөбүз. Эң башкысы — мындай инструментти өз убагында колдонуу, экономикалык кырдаал буга шарт түздү", — деп билдирди Сергей Пономарев.
Эскерте кетсек, Улуттук банк 24-февралдагы жыйынында эсептик ченди 100 базалык пунктка — 12 пайызга чейин жогорулаткан.