Кыргызстанда электромобилдердин саны кескин өстү

Коом Загрузка... 23 Февраль 2026 17:10
5429483689382448375.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жалпысынан 15 278 электромобиль катталды. Бул өлкөдөгү транспорт каражаттарынын жалпы санынын 0,8%ын түзөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, акыркы жылдары электромобилдердин санында туруктуу өсүү динамикасы байкалууда.

Салыштырмалуу көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй:

  • 2022-жылы — 1 113 электромобиль;
  • 2023-жылы — 2 310 электромобиль;
  • 2024-жылы — 3 122 электромобиль.

Ал эми 2025-жылдын ичинде эле электромобилдердин саны 9 870 даанага көбөйгөн. Бул көрсөткүч жарандардын экологиялык таза транспортко болгон кызыгуусунун олуттуу өскөндүгүнөн кабар берет.