Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа өзгөрөбү? Министрликтин жообу

Коом Загрузка... 10 Март 2026 12:12
WhatsApp Image 2026-01-16 at 10.39.31 (2).jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күндө электр энергиясынын өздүк наркы 3 сом 3 тыйынды түзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин директору Тимур Орозалиев “Кабар” агентигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, учурда калк электр энергиясы үчүн киловатт-саатына 1 сом 37 тыйындан төлөйт. 1-майдан тарта бул баа 1 сом 64 тыйын болот. Бул керектөөчүлөргө берилип жаткан электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана түзөт.

“2025-жылдын 1-майында 2025-2030-жылдарга чейин электр энергиясынын орто мөөнөттүү тарифтик саясаты кабыл алынган. Тарифтик саясаттын кийнки кадамы боюнча айтсак, учурда керектөөчүлөрдүн жети категориясы бар. “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк” категориясына киргендерге электр энергиясынын баасы 700 киловаттка чейин 50 тыйын менен калат. Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашагандарга чектөө жок, аларга 1 сом 64 тыйын болот. 27 тыйынга көбөйөт. Жалпысынан 700 киловаттка чейин пайдалангандар электр энергиясына 1 сом 64 тыйын төлөйт. 27 тыйынга өзгөртүү киргизилет. Ал эми 700 киловаттан ашык колдонгон керектөөчүлөр үчүн тариф 2 сом 94 тыйынды түзөт. Мында 34 тыйынга өзгөртүү киргизилет. “Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр” категориясы бар. Аларга насостук станциялар, диний уюмдар, интернат, балдар мекемелери, майыптар жана улгайган жарандар үчүн мекемелер кирет. Булардын тарифи 2 сом 96 тыйынды түзөт. Ошондо 34 тыйынга айырма болот. Өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясынын баасы 3 сом 65 тыйынды түзөт. Бюджеттик керектөөчүлөрдүкү 4 сом 62 тыйын, коммерциялык жайлар – 4 сом 33 тыйын төлөйт. Электр энергиясын көп сарптаган алтын кен ишканалары, алкоголь өндүрүшүнүн тарифи – 6 сом 84 тыйынды түзөт. Электромобилдерди заярддоо станциялары – 5 сом 99 тыйынды төлөйт”, - деди ал.

Тимур Орозалиев белгилегендей, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн энергетика системасын жаңылоо, жабдууларды алмаштыруу зарыл. Электр жабдууларынын баасы өсүп жатакандыктан, компаниянын чыгымдарын жабуу үчүн тариф саясаты каралып чыккан.

“Энергетика тармагында кыйынчылыктар жаралбашы үчүн биз этап-этабы менен аз-аздан бааларды өзгөртүү кадамына бардык”, - деп айтты ал.