Кыргызстанда электр энергиясы пландуу өчүрүлгөн жок – Эмилбек Ысманов

Коом Загрузка... 04 Ноябрь 2025 12:30
WhatsApp Image 2025-11-03 at 16.12.00.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда электр энергиясы пландуу өчүрүлгөн жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов билдирди.

Ал белгилегендей, айрым райондордо электр энергиясын өчүрүү чыңалуу учурунда, авариялык жагдайларда же көмөк чордон ашыкча иштегенде гана болот.

Ошондой эле Эмилбек Ысманов жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырды.

“Биз кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Себеби, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз. Ошондой эле кышта көмөк чордондордогу жана электр чубалгыларындагы авариялык кырдаалдарды алдын алуу зарыл. Анткени кышында жайкы мезгилге салыштырмалуу электр энергиясын керектөө эки-үч эсе көбөйүп кетет”, - деди ал.