Кыргызстанда документтердеги жынысты өзгөртүүгө тыюу салуу сунушталууда

Коом Загрузка... 03 Февраль 2026 09:39
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.37.06 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. 2026-жылдын 30-январынан тарта "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документтин демилгечиси — Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору менен төмөнкү актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

  • Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине;
  • "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамына;
  • "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө" мыйзамына.

Негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөндөй, документ үй-бүлө институтун жана демографиялык коопсуздукту коргоо, ошондой эле улуттук-маданий өзгөчөлүктү жана салттуу баалуулуктарды сактоо максатында иштелип чыккан.

Түшүндүрмө бөлүгүндө төмөнкүлөр белгиленет:

  • медициналык технологиялардын өнүгүүсү укуктук жөнгө салуудан озуп кетүүдө, бул жарандык абалдын актыларында жынысын өзгөртүү боюнча жазууларда укуктук боштуктарды жаратууда;
  • автордун пикиринде, мындай практика кыргыз коомунда тарыхый калыптанган салттуу руханий жана маданий түшүнүктөргө карама-каршы келет;
  • үй-бүлө укугунун колдонуудагы ченемдери, анын ичинде фамилияларды түзүү жана туугандык байланыштарды аныктоо эрежелери төрөлгөндөгү биологиялык жыныска катуу байланган, бул уруктун улантылышын жана үй-бүлөнүн салттуу түшүнүгүн чагылдырат.

Документте мыйзамдык тыюунун жоктугу төмөнкүлөргө алып келиши мүмкүн экендиги баса белгиленет:

  • үй-бүлөлүк мамилелер чөйрөсүндөгү (нике, ата-эне болуу) укуктук карама-каршылыктар;
  • сот тутуму жана жаза аткаруу чөйрөсүндөгү тобокелдиктер (жаза өтөөчү жайды аныктоо);
  • аскердик милдет өтөө чөйрөсүндөгү кыянаттыктар;
  • укук коргоо органдары үчүн инсанды идентификациялоодогу кыйынчылыктар;
  • спорттогу таза атаандаштык принциптеринин бузулушу;
  • мамлекеттик реестрлердин жана санариптик эсепке алуу тутумдарынын туруктуулугуна доо кетиши, бул электрондук башкаруунун милдеттерине каршы келет.

Демилгечи үй-бүлөнүн конституциялык баалуулуктарын, демографиялык кызыкчылыктарды жана коомдук коопсуздукту коргоону артыкчылык катары көрүп, жарандык абалдын актыларында жана башка расмий документтерде биологиялык жыныс жөнүндөгү жазууну өзгөртүүгө мыйзам жүзүндө тыюу салууну сунуштайт.