Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Кыргызстан Беларусь менен үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташууга макулдашты. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Кыргызстан жана Беларустун өкмөт башчыларынын жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, тараптар үрөндөрдү өндүрүү тармагында биргелешип иш алып баруу боюнча меморандумга кол коюшту.
“Эгер ал ишке ашса, Кыргызстан үчүн чоң пайда болот. Биринчиден, үрөндөрдү өзүбүздө өндүрөбүз. Бул импорттон көз карандылыкты азайтат. Дыйкандар үчүн баа туруктуу болуп, жеткиликтүүлүк жогорулайт. Бул өз кезегинде айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө жана ички дүң продукциянын өсүшүнө олуттуу салым кошот”, - деди министр.
Акунбеков эки өлкө айыл чарба тармагында буга чейин да тыгыз кызматташып келе жатканына токтолду. Анын ичинде Беларусь тракторлору дыйкандар арасында кеңири колдонулуп, өзүнүн ишенимдүүлүгү менен таанымал экенин белгиледи. Андыктан тараптар келечекте трактор өндүрүшү боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландап жатканын кошумчалады.
Акунбеков ошондой эле Беларусь тараптын сүт азыктары рынокто кеңири таралганын айтты.
“Бизде алардын сүт азыктары кеңири сатылары маалым. Ал эми Кыргызстанда өндүрүлгөн мөмө-жемиштерге Беларуста суроо-талап жогору болуп жатканын алардын премьер-министри белгилеп өттү. Биз үчүн алардын рыногу да абдан кызыктуу”, - деп кошумчалады ал.