Кыргызстанда дагы 300 миң "акылдуу" эсептегич орнотулат

Коом Загрузка... 10 Февраль 2026 09:20
1.webp
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын июль айында 300 миң даана "акылдуу" эсептегич сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Сентябрь айында техникалык сунуштар ачылып, тендердик комиссия баалоону аяктаган. Баалоо отчету Дүйнөлүк банкка жөнөтүлүп, бекитилгенден кийин кошумча үнөмдөлгөн каражаттар менен дагы 300 миңден ашык "акылдуу" эсептегич сатып алуу чечими кабыл алынды.

Белгиленгендей, финансылык тартипти чыңдоодо автоматташтырылган эсепке алуу системасы (АСКУЭ) маанилүү роль ойноду. 2025-жылдын аягына чейин өлкө боюнча бул долбоордун алкагында 500 миң 100 даана акылдуу эсептегичтер орнотулуп, 2025-жылы орнотулган "акылдуу" эсептегичтердин жалпы саны 923 миңден ашты.

"Бул эсепке алуунун тактыгын жогорулатып, электр энергиясын уурдоону азайтууга шарт түздү. Натыйжада энергетикалык компаниялардын кирешелүүлүгү өсүп, мамлекеттик бюджетке болгон басым да азайган", - деп айтылат маалыматта.