Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги ички жана тышкы инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти күчөтүүдө. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө министрдин орун басары Чоро Сейитов билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинети ишкерлер тарабынан эң көп көтөрүлгөн жер тилкелерине жеткиликтүүлүк, инфраструктураны өнүктүрүү жана салыктык жеңилдиктер сыяктуу маселелерди комплекстүү чечүүдө. Аймактар менен иштөөдөгү негизги жетишкендиктердин бири – ар бир районго атайын өнөр жай зоналарынын бекитилип берилиши болду.
"Буга чейин ишкерлер ишкана ачуу үчүн жер издөө маселесине көп туш болушчу. Бүгүнкү күндө ар бир райондо өзүнүн өнөр жай зонасы аныкталды. Мисалы, Чүй районунда жана Токмок шаарында бул максаттар үчүн ири аймактар бөлүнгөн. Ушундай эле иштер Ала-Бука, Ош жана Кара-Сууда жүргүзүлдү. Эми бардыгында даяр жерлер бар", – деди Сейитов.
Ал мамлекет бул зоналарга электр энергия, газ (техникалык мүмкүнчүлүк бар жерлерде), жол, суу менен камсыздоону жана канализацияны жеткирүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө аларын баса белгиледи.

Чоро Сейитов Кыргызстандын учурдагы салык саясатын максималдуу түрдө ийкемдүү жана адаптацияланган деп мүнөздөдү. Ал белгилегендей, азыркы тапта Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү.
Материалдык колдоодон тышкары, министрлик бюрократияны азайтуу жана административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча жигердүү иш алып барууда. Негизги максат – бизнеске болгон жөнгө салуучу басымды максималдуу түрдө төмөндөтүү жана жеке сектордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн бардык процесстерин жөнөкөйлөтүү.
Мындан сырткары, чиновник Кыргызстанда Чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки программасынын долбоору даярдалганын белгиледи.
"Биз чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жигердүү саясатты улантууну көздөп жатабыз. Бул максаттарга болжол менен 1,5 млрд сом багыттоо пландалууда. Салыштырмалуу айтсак, өткөн жылы бөлүнгөн каражаттын көлөмү 300 млн сомду түзгөн", - деп баса белгиледи Сейитов.