Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. 2025-жылы башталган жолдорго байланышкан ири долбоорлор улантылууда. Анын ичинде Бишкек шаарынын айланма жолунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирди.
Анын айтымында, быйыл Профсоюз көчөсүн Түндүк айланма жол менен бириктирген жаңы жолдун курулушуна өзгөчө көңүл бурулат. Бул жол жаңы Ош базарына баруучу негизги каттамдардын бири болот.
Мындан тышкары, быйыл Эгемендүүлүк күнүн белгилөө Талас облусунда өтө тургандыктан, аталган аймактагы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө артыкчылык берилет.
"Ошондой эле ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу бир катар объектилер да бар. Алар Чолпон-Ата шаарынын айланма жолу, Кырчын жайлоосуна чейинки трасса, Каракол — Эңилчек жолу, ошондой эле "Ала-Тоо Резортко" алып баруучу жолдор. Бул багыттар боюнча иштер улантылат", — деди ал.
Мындан тышкары, Чойбеков Нарын облусундагы көйгөйлүү Нарын — Баетов унаа жолун өзүнчө белгилеп өттү. Быйыл март айында атайын комиссия түзүлүп, жол тилкеси текшерүүдөн өткөрүлгөн. Азыр алдыдагы курулуш сезонуна даярдык жүрүүдө жана быйыл бул унаа жолдогу иштер аякташы керек.
"Нарын облусунда капиталдык салымдар тизмесине кирген объектилер боюнча жалпысынан 100 чакырым жол асфальтталат", — деп кошумчалады Чойбеков.