Кыргызстанда бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды

Коом 11 декабрь 2025 10:40
Кыргызстанда бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Ош шаарында – 1;
  • Чүй облусунда – 4;
  • Жалал-Абад облусунда – 3;
  • Баткен облусунда – 1;
  • Ош облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 5.

Өрттү өчүрүүгө 20 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.