Кыргызстанда банкоматтардын жанына "визуалдык тыныгуу" киргизилүүдө

Коом Загрузка... 19 Январь 2026 09:30
copyright icon ИИМ

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жана TSARKA Кыргызстан калкты финансылык алдамчылыктан коргоого багытталган биргелешкен долбоорду расмий түрдө баштады.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Долбоор Япония, Сингапур жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген эл аралык тажрыйбага негизделет. Анын негизги куралы — "визуалдык тыныгуу": банкоматтардын жанына орнотулган милиция кызматкерлеринин макеттери алдамчылардын психологиялык басымын бузуп, жарандарга токтоп, ойлонуп чечим кабыл алууга шарт түзөт.

Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, мындай чаралар каржылык кылмыштарды 40 пайызга чейин азайтууга өбөлгө түзөт. TSARKA Кыргызстан жана ИИМ бул демилге аркылуу жарандардын каржылык коопсуздугун алдын ала коргоону максат кылат.