Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда балык жана балык продукциясынын заманбап санариптик байкоо системасын ишке киргизүү боюнча иштердин жыйынтыктоочу этабы өттү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоор коррупцияга каршы аракеттенүүнүн 2025-2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегиясынын алкагында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте ишке ашууда.
"Учурда программалык камсыздоону долбоорлоо жана тестирлөө ийгиликтүү аяктап, системаны ишке киргизүү боюнча акыркы даярдыктар жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул заманбап платформа балык чарбасынын паспортун, биологиялык негиздемелерди жана корутундуларды берүү процесстеринин ачык-айкындуулугун камсыздайт. Жаңы санариптик тутум тармактагы коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга, эсепке алууну жакшыртууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.
Система жакынкы аралыкта толугу менен пайдаланууга берилет.